"10 ай аябай көп экен дебегиле". Президент айдоочулукка окутуудагы реформага каршы чыкпоого чакырды
Өлкө башчысы Садыр Жапаров айдоочулукка окутууда ишке ашырылып жаткан реформа келечек үчүн жасалып жатканын белгилеп, элди каршы чыкпоого чакырды.
Президент "Унаа" мекемесинде сүйлөгөн сөзүндө 10 ай окутуу көптүк кылбастыгын айтты.
"48 миң сом төлөп 3,5 ай окуп, жылдап экзаменден өтпөй жүргөнүңөр жакшыбы? Же 19 миң сом төлөп коюп, анан 10 ай окуп, бир же болбосо эки жолу келип экзаменден өтүп кеткениңер жакшыбы? Мына, азыр жылдап экзамен тапшыра албай жүргөндөр бар. Ошондуктан мен сиздерден суранарым, 10 ай аябай көп экен дебегиле. “Унаа” мекемесинде иштеген балдарды, Иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаевди күнөөлөп жатасыңар. Саясатта жана мамлекеттик кызматта эки түрдөгү адамдар болот. Бир түрү тили менен буудай кууруйт, бирок берилген иштин 1 пайызын аткара албайт. Кээ бири тили менен сүйлөгөндөрдүн тескериси, ишти айтканынан артык кылып аткарып коёт. Бирок элге чыгып сүйлөй албайт, чыгып сүйлөсө түшүндүрө албайт. Мен ошол үчүн элге түшүндүрүп коёюнчу деп өзүм келдим. Биз келечек үчүн жасап жатабыз туугандар, каршы чыкпагыла",- деп белгиледи президент.
Видео: "Кабар" агенттиги
Президент айдоочулукка окутуудагы реформага каршы чыкпоого чакырды
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео

















