Казакстанда соттолгон өспүрүмдөр "Бейиш" тасмасынан кийин апаларынан кечирим сурашты (видео)
Казакстандагы №11 абактагы жашы жете элек соттолгондорго "Бейиш эненин таманында" кыргыз тасмасы көрсөтүлүп, андан соң балдар ата-энелеринен кечирим сурашты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Алматы шаарынын Жаза аткаруу тутуму департаментинин маалыматына ылайык, тасманын сюжети өспүрүмдөргө күчтүү таасир калтырган. Айрыкча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, көптөгөн кыйынчылыктардан өтүп, энесине болгон сүйүүсүн далилдей алган башкы каармандын эпизоддору өзгөчө таасир жараткан.
Тасма көрсөтүлгөндөн кийин катышуучуларга жакындары менен байланышууга мүмкүнчүлүк берилди. Фильмдин окуяларына терең таасирленген өспүрүмдөр энелери менен телефон аркылуу байланышып, аларга сүйүүсүн билдиришти.
Мындай көрсөтүүлөр өспүрүмдөр менен үй-бүлө, жоопкерчилик тууралуу насаат айтуунун ордуна, жеке сезим жана диалог аркылуу сүйлөшүүгө шарт түзө тургандыгы кошумчаланды.
Казакстанда соттолгон өспүрүмдөр "Бейиш" тасмасынан кийин апаларынан кечирим сурашты
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















