Бишкекте бетон заводго текшерүү жүргүзүлдү
Курулуш министрлигине караштуу Курулушту сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери Бишкек шаарынын Көк-Жар айылында жайгашкан бетон аралашмаларын өндүрүүчү заводго текшерүү жүргүздү.
Анда ишкананын техникалык жана технологиялык документтери каралып, өндүрүштүк лабораториясы текшерилди. Ошондой эле бетон аралашмаларын даярдоо шарттары иликтенди.
Жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Ал кемчиликтерди жоюу үчүн ишкананын жетекчилигине 1 айлык мөөнөт берилди.
"Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин кайрадан текшерүү жүргүзүлөт",- деп билдирди министрлик.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















