super.kg logo
  Саясат  

ЕАЭБ Кыргыз-Казак чек арасындагы оор жүк ташуучу унаалардын топтолушу боюнча билдирүү таратты

 

Кыргызстан-Казакстан мамлекеттик чек арасынын айрым өткөрмө пункттарында жүк ташуучу транспорттордун топтолушуна байланыштуу Евразия экономикалык комиссиясы төмөнкүлөргө токтолду.

Казакстандын маалыматына ылайык, чек арадагы процедуралардын узакка созулушу пландалган чек ара көзөмөлдүк иш-чаралары менен байланыштуу.

"Аткарылып жаткан иш-чаралар убактылуу жана конкреттүү багытта жүргүзүлөт. Алар чек арада тартипти орнотуу максатын көздөйт жана мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган мыйзамсыз товар айлануусун токтотууга багытталган. Астана Кыргызстан менен өнөктөштүк жана достук мамилелерди жогору баалайт. Казакстан мыйзамсыз аракеттерди токтотуу жана эки өлкөнүн экономикасына жана эл аралык аброюна зыян келтирүүчү иштерди алдын алуу максатында кызматташууну улантууга үмүттөнөт. Казакстан жана анын жогорку жетекчилиги Кыргыз тараптын жогорку жетекчилигине жана бүт кыргыз элине дайыма чын ыкластан урмат көрсөтүп келген. Бул - Казакстан стратегиясынын негизги багыты, жана ал кырдаалга жараша өзгөрүлбөйт. Мыйзамсыз ташуулардын токтотулушу эки өлкөнүн кызыкчылыгына толугу менен жооп берет",- деп белгиленген маалыматта.

Ал эми ЕАЭБ товарлардын мыйзамсыз ташылышына каршы күрөштүн мааниси артыкчылык катары карала тургандыгын билдирди.

"Товарлардын мыйзамдуу айлануусун камсыз кылуу, бажы органдарынын көзөмөлүн минималдаштыруу максатында навигациялык пломбаларды колдонуу, товарларды изилдөөнү жана маркировкалоону киргизүү, ошондой эле товарлардын бажы баасын контролдоо системин жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө",- деп кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: