Бишкектин башкы архитектору трамвай боюнча айтты (видео)
Бишкек шаарынын башкы архитектору Медербек Кыдырмаев борбордун башкы планына кошулуп жаткан трамвай тууралуу маалымат берди. Ал "Кабар" маалымат агенттигине маек берип жатып, мэрия учурда шаар тургундарын коомдук транспорт менен камсыз кылууда экология маселесин эске алып жатканын белгиледи.
Айтымында, калаанын башкы планына ылайык, 1 миллион 900 миң киши ыңгайлуу транспорт менен камсыздалышы зарыл.
"Трамвай десе элдин баары рельси бар, үстүндө линиясы бар транспортту элестетет экен. Бирок анын жаңы, заманбап түрлөрү көп. Алардын бири рельси жок транспорт. Ал боюнча сунуштар келип жатат. Ал жол боюнда атайын тилке менен жүрөт экен
",- деди Кыдырмаев.
Маалымат үчүн: буга чейин министрлер кабинети 2050-жылга чейинки Бишкек шаарынын башкы планын бекитүү жөнүндө токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарган.
Токтомдо башкы план заманбап демографиялык жана социалдык-экономикалык тенденцияларды эске алуу менен иштелип чыкканы белгиленген. Анда борбор калаада учурда 1 миллион 321 миң адам жашаса, 2050-жылга карата болжолдуу көрсөткүч 1 миллион 920 миң адамга жетери айтылат. Бул дегендик өсүү шаардык инфраструктуранын бардык элементтерин комплекстүү жана алдын ала өнүктүрүүнү талап кылат.
Башкы архитектор трамвай боюнча айтты
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















