super.kg logo

Токтогулда 30 гектар аянтка заманбап тамчылатып сугаруу системи орнотулууда

 
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда айыл чарбаны өнүктүрүү жана дыйкандарды колдоо багытында маанилүү иштер жүргүзүлүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 30 гектар кайрак айдоо жерге тамчылатып сугаруу системи орнотулуп, көлөмү 15 миң куб метрди түзгөн суу бассейни курулууда. Мындан тышкары, айланасы толугу менен тосулуп, коргоо иштери жүргүзүлүүдө. Аталган жер тилкеси райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы аркылуу 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Бул дыйкандарга узак мөөнөттүү пландоону жүргүзүүгө жана дарак өстүрүүнү туруктуу негизде өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Март айынан тартып аянтта көчөт отургузуу иштери башталат. Интенсивдүү дарак өстүрүү ыкмасы жана тамчылатып сугаруу технологиясы сууну үнөмдүү пайдаланууга шарт түзүп, айрыкча суу тартыштыгы байкалган учурда дыйкандар үчүн натыйжалуу чечим болуп саналат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: