Саясатташкан "Гремми" сыйлыгы. Трамптын миграциялык саясаты негизги тема болду
2026-жылкы 68-ирет өткөн "Грэмми" сыйлык тапшыруу аземи музыка тарыхында гана эмес, АКШнын коомдук-саясий күн тартибинде да өзгөчө окуя катары калды. Бул жылы дүйнөлүк деңгээлдеги артисттер сахнаны чыгармачылыкка эмес, миграция саясатына каршы ачык позициясын билдирүүчү платформага айлантышты.
Сыйлык тапшыруу аземи январь айында АКШнын Миннесота штатында Иммиграция жана бажы кызматынын (ICE) кызматкерлери тарабынан эки АКШ жаранынын атып өлтүрүлүшүнөн кийин өткөн. Бул окуя өлкөдө чоң нааразычылык жараткан жана президент Дональд Трамптын миграциялык саясатына карата сын-пикирлерди күчөткөн.
Ушул шартта "Грэмми–2026" музыкалык сыйлыгын тапшыруу иш-чарасы нааразычылык айтуу аянтына айланды. Көптөгөн артисттер өз сөздөрүндө мигранттардын укугун коргоп, ICE'тин аракеттерин кескин сынга алышты.
Испан тилдүү альбом тарыхта биринчи жолу баш байгени утту
Бул ирет "Жылдын альбому" наамы тарыхта биринчи жолу испан тилиндеги альбомго ыйгарылды. Пуэрто-риколук артист Бед Банни "Debí Tirar Más Fotos" аттуу альбому менен баш байгеге ээ болуп, бул окуяны латын-америкалык музыка үчүн бурулуш учур деп аташты.

Ырчы сыйлыкты алып жатып, алгач испанча сүйлөп, командасына жана апасына ыраазычылык билдирди. Андан соң англис тилине өтүп, төмөнкүдөй кайрылуу жасады:
"Бул сыйлыкты өз мекенин таштап, кыялын артынан кеткен бардык адамдарга арнайм. ICE жоголсун. Биз жапайылар эмеспиз. Биз жаныбар да, келгин да эмеспиз. Биз - адамдарбыз, жана биз - америкалыктарбыз".
Анын сөзү залда катуу кол чабууларга ээ болуп, кеченин эң саясий билдирүүлөрүнүн бири болду.
Билли Айлиштин сыны
"Жылдын ыры" номинациясын уткан Билли Айлиш да сахнадан кескин билдирүү жасап, Иммиграция жана бажы кызматын сынга алды.

"Уурдалган жерде эч кимди мыйзамсыз деп эсептөөгө болбойт… Күрөштү улантуу, үн катуу, нааразычылык билдирүү керек. ICE'ке каршы экенимди ачык айтам",- деп билдирген ырчы айым.
Анын бул сөзү коомдо кызуу талкууга алынып, социалдык тармактарда кеңири тарады.
Оливия Дин: "Мен мигранттын небересимин"
"Эң мыкты жаңы аткаруучу" наамын алган Оливия Дин миграция темасын жеке тагдыры менен байланыштырды.

"Мен бул жерге мигранттын небереси катары келдим. Эгер алардын кайраты болбосо, мен бул жерде болмок эмесмин",- деди ал.
Бул сөздөр аземдин эң эмоционалдуу учурларынын бири болду.
Ак үй эмне дейт?
АКШнын администрациясы артисттердин билдирүүлөрүн "анти-ICE" жана "анти-Трамп" саясий шоусу катары баалады. Европалык басылмалар Ак үй бул көрүнүштү президентке каршы багытталган маданий каршылык катары кабыл алганын жазышууда.

Эскерте кетсек, 25-январда Миннеаполисте АКШнын федералдык иммиграция жана бажы кызматтарынын (ICE/BP) операциясы учурунда 37-жаштагы АКШ жараны Алекс Преттиге ок чыгарылып, ал каза болду. Претти медицина кызматкери болуп иштеген жана полиция жана федералдык агенттерге каршы чыгуучу демонстрацияда жөн гана байкап, телефонго тартып жатканда атып өлтүрүлгөнү кабарланды. Видео материал жана күбөлөрдүн билдирүүлөрү Ички коопсуздук министрлиги Преттини курал менен коркуткан деген билдирүүсүнө каршы келет.
Бул окуя январдын башында Миннеаполисте 37-жаштагы поэт Рене Гуд федералдык күч түзүмдөр тарабынан атылып, каза болгондон кийин келип чыккан коомдук чыңалууну күчөттү.
Окуяга байланыштуу АКШ юстиция министринин кеңсеси жана FBI жарандык укуктар боюнча иликтөөнү баштады, ал эми айрым учурлар боюнча жергиликтүү бийлик да териштирүү жүргүзүүдө.
Бул окуя өлкө боюнча нааразылык акцияларын күчөтүп, федералдык чыңалуунун күч алышына алып келди, ал эми саясатчылар жана коомдук фигуралар ICEтин миграциялык рейддерин жана аракеттерин катуу сынга алышты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















