Илон Маск АКШда жаңы жарандык согуш башталганын айтууда
Ишкер Илон Маск АКШда “жарандык согуш 2.0” башталган болушу мүмкүн деген пикирге кошулду. Ал X социалдык тармагында ZeroHedge порталынын "Жарандык согуш 2.0 башталганын кабыл алууга убакыт келди" деген макаласына комментарий берип, "ооба, ушундай сезилет" деп жазды.
Маалыматка ылайык, 24-январда Миннесота штатынын Миннеаполис шаарында чек ара кызматынын кызматкери эркек кишини атып өлтүргөндөн кийин нааразычылык акцияларынын жаңы толкуну башталган. АКШнын ички коопсуздук министрлигинин маалыматына караганда, маркум федералдык агенттер анын колундагы куралды тартып алууга аракет кылганда каршылык көрсөткөн.
Буга чейин, 7-январда мыйзамсыз мигранттарды издөө операциясынын жүрүшүндө иммиграция жана бажы кызматынын (ICE) кызматкерлери жолдун ортосунда токтоп турган унаадан айдоочуну түшүүгө буйрук беришкен. Унаа алдыга жылып кеткенде, кызматкер ок чыгарып, аял алган жаракаттарынан улам каза болгон.
Бул окуялар коомчулукта кеңири резонанс жаратты. Демократтар жана алардын тарапташтары президент Дональд Трампты, анын айланасындагыларды жана күч түзүмдөрүнүн аракеттерин кескин сынга алышууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















