Салбуурунду ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү маселеси талкууланды
Салбуурунду ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү маселеси боюнча жолугушуу өттү. Анда тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жана тармактык уюмдардын өкүлдөрү катышып, демилгенин мааниси жана аны ишке ашыруунун жолдору талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууга Салбуурун федерациясынын башкы машыктыруучусу Алмазбек Акунов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Атыркүл Сейизова, аталган министрликке караштуу Кинематография департаментинин директору Талантбек Төлөбеков жана ЮНЕСКОнун Кыргыз Республикасындагы жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева катышты.
Депутат Болот Сагынаев бул демилге кыргыз элинин байыркы улуттук аңчылык өнөрү болгон салбуурунду дүйнөлүк деңгээлде таанытууга, аны сактоого жана өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Анын айтымында, салбуурунду эл аралык деңгээлде жайылтуу аркылуу башка да улуттук маданий мурастарга болгон кызыгууну арттырып, туризмдин өнүгүшүнө түрткү берүү мүмкүн.
Жолугушуунун жүрүшүндө салбуурунду ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо, илимий негиздеме жана эл аралык талаптарга ылайык иштерди жүргүзүү маселелери да талкууланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















