Чатырына тик учак конот... Бишкекте авиациялык стилдеги 25 кабаттуу жаңы бизнес-борбор курулат
Бишкек шаарынын так борборунда “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын "Авиатор" аттуу 25 кабаттан турган бизнес-борбору курулат. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бул долбоор ишкердик инфраструктураны, мейманкана сервисин жана авиациялык элементтерди айкалыштырып, борбор калаанын эң өзгөчө жана заманбап архитектуралык демилгелеринин бири болуп калмакчы. Долбоордун негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири - 25 кабаттуу имараттын чатырында тик учак конуучу аянтчасы болот.
“Asman Airlines” авиакомпаниясынын Бишкек шаарынын аймагында жана ага жакын райондордо эс алуу жана ишкердик багыттардагы тик учак каттамдарын жүзөгө ашыруусу мерчемделүүдө. Компания бул максаттарда жакын аранын ичинде тик учак сатып алууну көздөп жатат.
“Авиатор” долбоору бизнес өкүлдөрүн, инвесторлорду жана борбор калаанын конокторун өзүнө тарта турган жаңы борборго айланып, инновацияларга ачык, заманбап жана дымактуу Бишкектин символу болууну көздөйт",- деп белгиледи “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын төрагасы Манасбек Самидинов.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















