super.kg logo

Уфа шаарында 9-класстын окуучусу мектепте ок чыгарды

 

Бүгүн, 3-февралда Башкыртстандын Уфа шаарындагы мектептердин биринде 9-класстын окуучусу пневматикалык курал менен ок атып, петарда жардырган. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, өспүрүм мугалимге жана үч классташына карай пластик октор менен бир нече жолу ок чыгарган. Окуянын кесепетинен тарых мугалими бетинен жеңил жаракат алган. Уфа шаарынын мэри Ратмир Мавлиев өспүрүм классташтары тарабынан куугунтукка алынганын белгиледи. "9-класстагы башка окуучулар аны мазакташкан жана бул жагдай анын мындай аракеттерге баруусуна себеп болушу мүмкүн. Натыйжада ал пневматикалык мылтык менен кирип, ок чыгарган", - деп билдирет Мавлиев.

Айрым классташтары жана кошуналары анын мугалим менен да кастык мамилеси болгонун, бул тууралуу өспүрүм өзүнүн Telegram каналында да жазганын айтышууда. Ошондой эле Baza порталынын маалыматына караганда, өспүрүмдүн ата-энеси республикалык салык кызматынын жетекчилик кызматтарында иштешет. Атасынын айтымында, уулу мектептеги чыр-чатактарга көп даттанып, шылдыңдап күлүшкөнүн айткан.

Учурда өспүрүм кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөө комитети окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, анын ичинде шалаакылык беренеси боюнча да каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: