super.kg logo

Ош шаарында Даун синдрому бар балдар үчүн жаңы борбор ачылды

 

Бүгүн Ош шаарында Даун синдрому бар балдарды колдоого багытталган көп функционалдуу күндүзгү ресурстук борбор расмий ачылды. Борбор “Сантерра-Юг” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев катышып, борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты. Ал мындай социалдык борборлор өзгөчө муктаждыгы бар балдардын коомго аралашуусуна жана тең укуктуу өнүгүүсүнө чоң салым кошорун белгиледи.

Учурда фондго түштүк аймактар боюнча 300дөн ашуун ата-эне катталган. Борбор балдардын өнүгүүсүнө, социалдык адаптациясына жана ата-энелерге ар тараптуу жардам көрсөтүүгө багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: