super.kg logo

Макрон Путин менен сүйлөшүүлөргө даярдык жүрүп жатканын билдирди

 

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Орусиянын президенти Владимир Путин менен байланыш түзүүгө даярдыктар техникалык деңгээлде жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу орус агенттиктери жазды.

"Азыркы тапта даярдык иштери жүрүп жатат, бул маселе боюнча техникалык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө", - деди Макрон.

Анын айтымында, бул багытта башка европалык лидерлер жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен да параллелдүү консультациялар өткөрүлүүдө. Макрон кошумчалагандай, Украина үчүн коопсуздук кепилдиктерин иштеп чыгуу алкагында “каалоочулардын коалициясы” линиясы боюнча жаңжалды токтотууга багытталган келечектеги талкууларга даярдык көрүлүүдө.

Франция лидери 6-январда Владимир Путин менен сүйлөшүү өткөрүүнү пландап жатканын билдирген. Анын сөзүнө караганда, бул сүйлөшүүлөр жакынкы убакытта өтүшү мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: