Бишкекте тогуз коргоол боюнча мектеп лигасынын шаардык этабы өттү
Бишкек шаарында тогуз коргоол боюнча Мектеп лигасынын шаардык этабы өткөрүлдү. Мелдешке райондук этаптарда 1-4-орундарды ээлеген 16 окуучу катышты.
Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, мектеп лигасы спорттун 13 түрү боюнча уюштурулат. Анын ичинде тогуз коргоол да бар.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышып, ошондой эле Ысык-Көлгө жайкы ден соолукту чыңдоочу эс алууга жолдомо алышты. Мелдеш Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан уюштурулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















