super.kg logo

Бишкекте мамлекеттик тилди колдонуу боюнча жолугушуулар өттү

 

Бүгүн, 3-февраль күнү Бишкек шаарынын Ленин районунда керектөөчүлөрдү тейлөө чөйрөсүндө мамлекеттик тилди колдонуу жана жарнамаларды мыйзамга ылайык келтирүү маселеси боюнча ишкерлер менен жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чара К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин жыйындар залында уюштурулду.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, жолугушуу Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамын – "Мамлекеттик тил жөнүндө" – ишке ашыруу максатында Бишкек шаарынын мэриясы, Ленин райондук администрациясы жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен биргеликте өткөрүлдү.

Жолугушууга комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, мэрия жана райондук администрация өкүлдөрү, соода жана кызмат көрсөтүү мекемелеринин расмий өкүлдөрү катышты. Алар керектөөчүлөрдү тейлөөдө мамлекеттик тилди колдонуу, жарнамаларды мыйзамга ылайык түзүү жана жарнаманы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органы менен макулдашуу тууралуу түшүндүрмө берди.

Ишкерлер менен мындай жолугушуулар 3-6-февраль күндөрү Бишкек шаарынын башка райондорунда улантылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: