super.kg logo

Эрдоган Түркия АКШ менен Ирандын ортосунда ортомчулук кылууга даяр экенин билдирди

 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара АКШ менен Ирандын ортосундагы пикир келишпестиктерди жөнгө салууда ортомчу ролду аткарууга даяр экенин жана тиешелүү байланыштарды уланта берерин билдирди. Бул тууралуу ал Сауд Арабиясынын Asharq Al-Awsat гезитине берген маегинде айтты.

Маалыматка ылайык, Эрдоган Түркия Иранга каршы кайсы бир аскердик аракеттерди колдобой турганын, бул жаатта Сауд Арабиясы жана Пакистан сыяктуу аймактык өнөктөштөр менен аракеттерди координациялап жатканын белгиледи.

3-февралда Эрдоган расмий сапар менен Сауд Арабиясына барды. Ал жерде ханзаада Мухаммед бин Салман жана премьер-министр менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мындан тышкары ал эки күндүк сапарынын алкагында Египетти да кыдырат.

Эске салсак, 26-январда АКШнын президенти Дональд Трамп Иран тарапка армия жөнөтүлөрүн билдирген жана Тегеран менен "адилеттүү жана тең укуктуу" келишим түзүү үмүтүн билдирген. Иран тарап Трамптын айткандарына жооп кылып, АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн Жакынкы Чыгыштагы аскердик инфраструктурасына коркунуч келтирерин билдирген. АКШнын атайын элчиси Стивен Уиткофф менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчинин жолугушуусу 6-февралда Стамбулда пландалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: