super.kg logo

Гренландия АКШ менен жалпы позиция табууга үмүттөнөт

 

Гренландиянын тышкы иштер министри Вивиан Моцфельдт АКШ менен жалпы позицияны иштеп чыгууга үмүт артарын билдирди. Анын сөзүн Reuters агенттиги таратты.

"Биз сүйлөшүүлөр аркылуу дипломатиялык чечим табууга умтулабыз. Биздин “кызыл сызыктарыбызды” урматтаган жалпы позицияга келе алабыз деп үмүттөнөм жана оптимисттик маанайдамын", - деди тышкы иштер министри.

Буга чейин Даниянын тышкы иштер министри Ларс Лекке Расмуссен 28-январда АКШ менен Гренландия маселеси боюнча конструктивдүү сүйлөшүүлөр өткөнүн айтып, талкуунун жыйынтыгына оң баа берген.

Ошол эле күнү Гренландиянын премьер-министри Йенс-Фредерик Нильсен демократиялык баалуулуктар жана аймактык бүтүндүк АКШ менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн негизин түзөрүн белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: