Сейсмологдор "Бишкек Арена" стадионунун курулушу менен таанышып чыгышты
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов институттун кызматкерлери менен биргеликте “Бишкек Арена” улуттук футбол стадионунун курулуш иштерин жеринен көрүп чыкты. Бул тууралуу курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, таанышуу учурунда адистер стадиондун курулушунда колдонулуп жаткан инженердик жана конструктивдик чечимдерге, ошондой эле заманбап технологияларга өзгөчө көңүл бурушту. Долбоорлоо жана курулуш иштерине чет өлкөлүк компаниялар да тартылганы белгиленди.
Маалымат үчүн: “Бишкек Арена” стадиону Борбор Азиядагы эң ири спорттук долбоорлордун бири болуп саналат. Ал 51 миң көрүүчүгө ылайыкталып, жалпы аянты 170 миң чарчы метрди, бийиктиги 70 метрди түзөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















