Жети-Өгүздө имамдардын квалификациясын жогорулатуу курсу өттү
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылындагы "Каныбек ажы" атындагы медреседе район имамдары үчүн квалификациясын жогорулатууга багытталган окуу сабактары уюштурулду.
Муфтияттан билдиришкендей, имамдык курс муфтий Абдулазиз Закировдун тапшырмасынын негизинде өткөрүлүп, анда тажвид, акыйда, фикх жана адеп-ахлак боюнча лекциялар окулду. Ошондой эле имамдар жер-жерлердеги көйгөйлөрдү талкуулап, суроо-жооп форматында пикир алышты.
Курстун жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Аларды Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Бакыт Кайкиев тапшырып, имамдарга ийгилик каалады.
Айта кетсек, дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курстары Ысык-Көл облусунун башка райондорунда да өткөрүлүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















