АКШ жана Борбор Азиянын ишкерлери Бишкекке чогулат
4–5-февралда Бишкек шаарында Эл аралык жеке ишкердик борбору Кыргызстандын Министрлер кабинети менен кызматташтыкта "Бизнес (B)5+1" экинчи жылдык форумун өткөрөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.Маалым болгондой, форум АКШ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бизнес лидерлери менен мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү ортосунда экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган жогорку деңгээлдеги диалогдук платформа болуп саналат.
"Иш-чаранын алкагында 2024-жылы Алматы шаарында өткөн биринчи форумда сунушталган 21 сунуштаманын аткарылышынын жүрүшү талкууланып, аймактык интеграцияны тереңдетүү боюнча жаңы артыкчылыктар аныкталат. 2026-жылга карата артыкчылыктуу тармактар катары айыл чарбасы, банк иши жана каржы, стратегиялык минералдык ресурстар, электрондук коммерция жана маалыматтык технологиялар, транспорт, логистика жана туризм белгиленген", - деп кошумчаланды маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















