super.kg logo

Бишкекте курулуш компаниясынын директору 18 миң долларлык алдамчылыкка шектелип кармалды (видео)

 

Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген курулуш компаниясынын директору кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга жабырлануучу арыз менен кайрылды. Анда "Арабиан Кыргыз Аль Хнейз" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Х.Р. аттуу жаран 2022-жылдын 13-октябрында Көк-Жар жаңы конушунда курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайдан батир берем деп алдап, арыз ээсинин 18 миң долларын алып, изин жашырып кеткендиги белгиленди.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду. Натыйжада 1966-жылы туулган жаран Х.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө.






Бишкекте курулуш компаниясынын директору 18 миң долларлык алдамчылыкка шектелип кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: