Индия Казакстандын жарандары үчүн 30 күндүк акысыз виза киргизди
Индия өкмөтү Казакстандын жарандары үчүн 30 күнгө чейинки мөөнөткө акысыз виза берүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, чечим дароо күчүнө кирет. Ал эки өлкө ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана туристтик алмашууну өнүктүрүүгө багытталган. Акысыз виза тартиби туристтик визаларга гана эмес, медициналык визаларга жана медициналык коштоочу визаларга да тиешелүү.
Казакстандын ТИМинде белгилешкендей, буга чейин Индиянын жарандары Казакстанга 14 күнгө визасыз кире алышчу. Эми болсо казакстандыктар Индияга баруу үчүн дагы да ыңгайлуу шарттарга ээ болушту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:25
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















