super.kg logo

Украина, Европа жана АКШ ок атышууну бузууга каршы көп баскычтуу жооп планын макулдашты

 

Украина, Европа өлкөлөрү жана АКШ Орусия менен ок атышууну токтотуу боюнча келишим бузулган учурда колдонулуучу көп баскычтуу жооп планын макулдашышты. Бул тууралуу Financial Times басылмасы талкуулардын жүрүшүнөн кабардар булактарга таянып жазды.

Маалыматка ылайык, тараптар бул планды декабрь жана январь айларында бир нече жолу талкуулашкан. План эгерде Орусия ок атышпоого макул болгон учурда бузуулар аныкталса 24 сааттын ичинде жооп чараларын көрүүнү карайт. Бул чаралар дипломатиялык эскертүүлөрдү, ошондой эле Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аракеттерин камтыйт.

Эгерде согуш аракеттери токтобосо, планга ылайык "каалоочулар коалициясына" кирген өлкөлөрдүн аскердик контингентин тартуу каралган. Бул коалицияга Улуу Британия, Норвегия, Исландия, Түркия жана Евробиримдиктин көптөгөн мүчө мамлекеттери кирет. Эгер чабуул уланса, макулдашылган жооп биринчи бузуу катталгандан 72 саат өткөндөн кийин ишке ашырылат. Ага АКШнын куралдуу күчтөрү да кошулушу мүмкүн.

23–24-январь күндөрү Абу-Дабиде украин кризисин жөнгө салуу боюнча алгачкы үч тараптуу сүйлөшүүлөр өткөн. Анда аймактык маселелер, буфердик зоналар жана көзөмөл механизмдери талкууланган. АКШ бул жолугушууну тарыхый деп атаган. Евробиримдик Украина коопсуздук кепилдиктеринин ордуна аймактык жеңилдиктерге баруусу мүмкүн экенин четке каккан жок. Сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы 4–5-февралда өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: