super.kg logo

Австралияда балдардын мээ рагына каршы вакцина сыналат

 

Австралияда мээ рагына чалдыккан балдарды дарылоо үчүн вакцинанын дүйнөдөгү алгачкы клиникалык сыноолору өткөрүлөт. Бул тууралуу Австралиядагы Квинсленд университетинин расмий сайты маалымдаганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, клиникалык сыноолорду Австралия өкмөтү каржылайт. Бул максатта 2,6 миллион австралиялык доллар бөлүнгөн. Сомго 157 миллион 410 миң болот. Изилдөөнүн алкагында дарылоо таасир бербеген, өрчүп жаткан стадиядагы мээ шишиктери бар балдар жана өспүрүмдөр үчүн атайын иштелип чыккан вакциналар сыналат.

Клиникалык сыноолор үчүн жооптуу профессор, Түштүк Австралиянын саламаттыкты сактоо жана медициналык изилдөөлөр институтунун өкүлү Жордан Хансфорд бул ыкма мээ рагынын эң татаал түрлөрүн дарылоодо чоң мүмкүнчүлүккө ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, изилдөөнүн биринчи баскычы вакцинанын эң коопсуз жана натыйжалуу дозасын аныктоого, ал эми экинчи баскычы баалоого багытталат.

Вакцина боюнча PaedNEO-VAX аттуу изилдөө Квинсленд, Түштүк Австралия, Жаңы Түштүк Уэльс, Виктория жана Батыш Австралия штаттарындагы 8 балдар ооруканасында жүргүзүлөт. Ар бир баланын шишигине мүнөздүү уникалдуу онкологиялык белгилер аныкталып, вакцинаны ар бир бейтапка өзүнчө ылайыкташтырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Баланы изилдегенден кийин вакцина болжол менен 10 жуманын ичинде даярдалат.

Буга чейин персоналдаштырылган мРНК-вакциналары чоңдор арасында сейрек кездешкен жана дарылоого кыйын рак түрлөрүндө, анын ичинде уйку безинин рагы жана меланома боюнча үмүт жараткан жыйынтыктарды көрсөткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: