super.kg logo

Ошто каралбай калган үч негизги көчөнүн инфратүзүмү оңдолот

 
Бүгүн, 4-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгына караштуу Алымбек датка көчөсүндө рейд өткөрдү.
Анын жүрүшүндө мэр борбордук аянтты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин күчөтүү зарылдыгын белгилеп, жаңы курулуп жаткан имаратка ылайык анын айланасын иретке келтирүү керектигин билдирди.
Калаа мэриясы билдиргендей, Токторбаев шаардын негизги Алымбек датка, Курманжан датка жана Масалиев көчөлөрүнүн инфратүзүмү этап-этабы менен оңдолорун белгиледи.
Мэр мындан тышкары Алымбек датка көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан иригациялык лотокторду орнотуу иштери менен таанышып, тиешелүү кызматтарга жарандарга ыңгайсыздык жаратпай, жумуштарды мүмкүн болушунча эртерээк жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: