super.kg logo

Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафинин уулу атып өлтүрүлгөнү айтылды 

 

Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафинин уулу Саиф аль-Ислам Каддафини өз үйүндө атып кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматтар боюнча, Муаммар Каддафинин уулунун өлүмүнүн себептери белгисиз. Айрым басылмалар 53 жаштагы Саиф Каддафи Ливиянын батышындагы Зинтан шаарына жакын жердеги өз үйүндө өлтүрүлгөнүн жазышкан. Анда короого төрт куралчан адам кирип келип, мурдагы лидердин баласын атып кетишкен.

Мындай маалыматты Саиф Каддафинин саясий кеңешчиси Абдулла Осман дагы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу ырастаган.

Сейф аль-Ислам Каддафи 1979-2011-жылдары Ливияны башкарган Муаммар Каддафинин экинчи уулу. Ал эч кандай расмий мамлекеттик кызматтарды ээлеген эмес. Бирок Каддафинин саясаты кулаганга чейин тышкы саясат боюнча сүйлөшүүлөрдү жана ички коопсуздук маселелерин көзөмөлдөгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: