super.kg logo

ЕАЭБ бодо малдын этин импорттоого тарифтик жеңилдиктерди киргизди 

 
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши бодо малдын этин импорттоого тарифтик жеңилдиктерди киргизди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындай чечим ушул жылдын 31-декабрына чейин күчүндө. Ага ылайык, ЕАЭБ аймагына 5 миң тоннага чейинки этти импорттоого жеңилдетилген шарттар колдонулат.
Тарифтик жеңилдик жаңы, муздатылган этке жана тоңдурулган этке тиешелүү. Жеңилдик ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген тастыктоочу документтин негизинде гана колдонулат.
"Мындай чечим ички рынокту сапаттуу чийки зат менен камсыздоого, кайра иштетүү тармагын колдоого жана баа туруктуулугун сактоого багытталган. Мындай чаралар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт", - деп билдирди министрлик.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: