"Элдин айтканын айтуудамын". Депутат Сулайманов бийликти сунушту туура кабыл алууга чакырды
Бүгүн, 4-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Мекенчил" депутаттык тобунун лидери Кундузбек Сулайманов борбордук трибунадан 10 мүнөт алып, айдоочулукка окутуудагы реформа боюнча маселеге токтолду.
Ал айдоочулук күбөлүк боюнча эл өкүлдөрү көтөргөн маселе элдин үнү экенин айтып, аткаруу бийлигин муну популизм катары кабыл албоого чакырды.
"Биз айткан нерселерден аткаруу бийлиги жыйынтык чыгарышы керек. Биздин ар бир айткан сөзүбүздү популист катары кабыл алсак, анда кандай болот? 10 ай окутуу көп деп айткам. Мен муну менен элдин айтканын айтып жатам", - деди Сулайманов.
Эл өкүлү айдоочулукка окутуу боюнча түзүлүп жаткан системди коомдук талкууга чыгаруу керектигин белгилеп, жарандардын каалоосуна карабастан 10 ай окутуу туура эмес деген пикирин билдирди.
"3 айдан кийин экзаменге кирип, теориялык билимин текшерсин. Өтпөй калса, анан дагы окусун. Бүттүбу колуна айдоочулук күбөлүктү колуна бериш керек. Жол кырсыктарынын көбөйгөнү баарыбызды ойлондурат. Биз микрофондон өзүбүздүн жеке пикирибизди гана сунуштаган жокпуз. Ар бирибиз миңдеген шайлоочуларыбыздын сөзүн айтып жатабыз. Мен аткаруу бийлигине каршы чыгып жаткан жокмун. Биз сунуш гана айтуудабыз. "Керегем сага айтам, келиним сен ук" деп жатабыз. Элдин нааразычылыгын көбөйтпөгүлө", - деди депутат.
Сулайманов өлкөдө жасалып жаткан жакшы иштер көп экенин, бирок айрым маселеде кемчиликтер болгону үчүн эл нааразы болуп жатканын айтты.
"Бир да депутат аткаруу бийлигин "акмаксыңар, элди ойлобогон бийлик болдуңар" деген жокпуз. Иштеген жерде кемчиликтер болот. Ошол кемчиликтерди түздөп коёлу деген гана тариз", - деген эл өкүлү өкмөттүк саатты тезирээк өткөрүүнү сунуштады.
Анын айтымында, депутаттар менен аткаруу бийлигин ортосунда жаралган түшүнбөстүктү эртерээк чечүү зарыл.
Депутат Сулайманов бийликти сунушту туура кабыл алууга чакырды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















