super.kg logo

Франциялык депутат Евробиримдикти Кыргызстанга болгон басым саясатын токтотууга чакырды (видео)

 

Франциядан шайланган Европарламенттин депутаты Тьерри Мариани Европа Биримдигин Кыргызстанга карата басым көрсөтүү саясатын токтотуп, конструктивдүү диалогду баштоого чакырды. Ал өз сөзүндө Бишкек татаал шарттарда туруктуулукту сактап, эл аралык байкоого ачык экенин белгилегенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Марианинин айтымында, президент Садыр Жапаровго болгон элдин ишеними европалык айрым лидерлерде көрө албастык жаратышы мүмкүн. Ал ошондой эле Жапаров мамлекеттик институттарды чыңдоого жана кылмыштуу топторго каршы күрөштө натыйжалуу иштерди жүргүзүүгө жетишкенин белгиледи.

Франциялык саясатчы кесиптештерин Бишкекке шарт коюудан баш тартып, кол сунуп жардам берүүгө чакырды. Анын пикиринде, Кыргызстан Орусия менен тыгыз байланышта, анткени ал жакта миллиондогон Кыргыз жарандары эмгектенет. Депутат эгерде Орусия аларды өлкөдөн чыгарса, Европа кабыл алууга даярбы деген суроо салды. Андыктан Кыргызстанды Европа жазалоого ашыккан өлкөлөрдүн кучагында калтырбай жардам бериш керек деген пикири менен жыйынтыктады.






Франциялык депутат Евробиримдигин Кыргызстанга болгон басым саясатын токтотууга чакырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: