Сууга чөгүп каза болгондор көбөйүүдө. Депутат балдардын коопсуздугу боюнча айтты (видео)
Жогорку Кеңештин 4-февралдагы жыйынында депутат Чыңгыз Ажибаев жаш балдардын коопсуздугу тууралуу маселе көтөрүп, тийиштүү мекемелерди алдын алуу иш-чаралар жүргүзүүгө чакырды.
Айтымында, акыркы кезде жашы жете элек балдардын сууга чөгүп, каза болгон фактылар көп катталууда.
"Ушул жылдын 29-январында борбор калаадагы Бакай-Ата жаңы конушунда эки бала сууга чөгүп каза тапты. Мындай факты биринчи жолу болуп жаткан жок. 2-февралда Сокулукта 3 жаш бала да көлмөгө чөгүп кетти эле. Ушул боюнча тиешелүү мекемелер алдын алуу иш-чараларын өткөрүшү зарыл", - деди депутат.
Депутат балдар коопсуздугу боюнча
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
10:01
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















