super.kg logo

"Сыйга-сый, сыр аякка-бал". Төрага бийлик бутактарынын ортосунда сый болушу керектигин айтты (видео)

 

Бүгүн, 4-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу бийлик бутактарынын ортосунда сый болушу керектигин билдирди.

Жыйында төрага аткаруу бийлигине кайрылып, депутаттардын сүйлөгөн сөзүн сындабай, туура кабыл алууга чакырды.

"Бийлик бутактарынын ортосунда сөзсүз сый болуш керек. "Сыйга-сый, сыр аякка-бал" дейт. Депутаттын сүйлөгөн сөзүн одоно сындоо аброй алып келбейт. Себеби депутатка айт, сүйлө деп эл беш жыл мандат берди. Биз аткаруу бийлигин бардык маселеде колдоп, зарыл болгон мыйзамдарды кабыл алып берип жатабыз. Алар тарабынан дагы парламентке сый болушу керек. Баарыбыздын көздөгөнүбүз мамлекетибиздеги ынтымак, ырыс-береке, элдин бакубат жашоосу.

Парлемент баары боло берет деген мамилеге муктаж эмес. Анын ар дайым өзүнүн орду болгон", - деди төрага.






Нурланбек Тургунбек уулу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: