Дагы бир өлкө 16 жашка чейинки балдарга соцтармактарды чектөөнү пландап жатат
Испания бийлиги 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарды колдонушуна тыюу салууну пландап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Педро Санчес 3-февралда Дубайда өткөн Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин жыйынында билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
"Бул чара балдарды зыяндуу контенттен коргоо максатында кабыл алынып жатат. Социалдык тармактар колдонуучулардын жашын так текшерген, чыныгы иштей турган системдерди киргизүүгө милдеттүү", - деп билдирет премьер-министр. Жаңы мыйзамга ылайык, 16 жашка чейинки өспүрүмдөр социалдык платформаларга каттала албайт. Ошондой эле мыйзамсыз контент үчүн социалдык тармактардын жетекчилерине жоопкерчилик күчөтүлөт.
Politico басылмасынын маалыматына ылайык, бул чечим кийинки жумада Испаниянын Министрлер кеңеши тарабынан каралып, расмий түрдө бекитилиши мүмкүн.
Белгилей кетсек, мындай чектөөлөр Европанын башка өлкөлөрүндө да киргизилүүдө. Дания, Франция жана Португалия да балдардын социалдык тармактарды колдонушун чектөө боюнча мыйзамдарды сунуштап жатышат. Ал эми Австралия дүйнөдө биринчи болуп 16 жашка чейинки өспүрүмдөргө социалдык тармактарды тыюу салган. Бул мыйзам 2024-жылдын ноябрында парламент тарабынан кабыл алынып, 2025-жылдын 10-декабрынан тартып күчүнө кирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















