super.kg logo

Абанын сапатын жакшыртуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйыны өттү

 
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде өлкөдө абанын сапатын жакшыртуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жыйынга ондон ашуун министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты. Анда өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртууга багытталган негизги маселелер каралды.
Жыйында Бишкекте электрондук такси мамлекеттик кызматын киргизүү, Чүйдө жана борбор калаада газдаштыруунун учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле атмосфералык абанын сапатын мониторингдөө системасын өнүктүрүү, анын ичинде байкоо жүргүзүүчү сенсорлорду орнотуу жана модернизациялоо маселелери талкууланды.
Отурумда борбор шаардын аймагында электр заряддоочу станциялардын тармагын өнүктүрүү максатында Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги алдында мекемелер аралык комиссиянын мүчөлөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
Ошондой эле Бишкек шаарында экологиялык таксини киргизүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында Улуттук инвестициялык фондго майыптыгы бар жарандар үчүн кызматтын ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча сунуштарды эске алуу тапшырылды. Ал эми «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсына Бишкек шаарын жана республиканын аймактарын газдаштыруу боюнча иш-чараларды ишке ашырууну тездетүү сунушталды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: