super.kg logo

Салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды

 

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүн башталганын билдирди.

Кезектеги декларациялык кампания эки этапта өткөрүлөт. Ага ылайык, 1-апрелге чейин декларацияны юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ал эми 1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер тапшырышат.

1-апрелге чейин салык декларациясын тапшырууга төмөнкүлөр милдеттүү:

  • ата мекендик уюмдар (бюджеттен каржылануучу жана отчеттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдардан тышкары);
  • туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
  • Судьяларды тандоо кеңешинин, БШКнын, ошондой эле Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү.

1-майга чейин төмөнкүлөр декларация тапшырууга тийиш:

  • жеке ишкерлер (0%, 0,1%, 0,5% жана 1% бирдиктүү салык ставкалары боюнча патенттин негизинде өзгөчө режимдеги соода зонасында иш жүргүзгөндөрдү, ошондой эле юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермер) чарбаларын кошпогондо);
  • эл аралык уюмдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде иштеген кыргыз жарандары;
  • отчёттук мезгил үчүн киреше салыгы кармалбаган салык салынуучу киреше алган жеке жактар.

Салык декларациясы Cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу электрондук түрдө берилет.

Белгилей кетсек, декларацияда кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматтар, экономикалык ишмердүүлүк, мүлк объектилери, жер тилкелери, ошондой эле отчёттук мезгил үчүн төлөнгөн салыктык милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлүүгө тийиш.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: