Сыймык! Жазуучу Султан Раевдин "Топон” аттуу китеби венгер тилинде жарык көрдү (сүрөттөр)
ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Султан Раевдин “Топон” аттуу китеби Будапештте венгер тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда жазууучу Фейсбук баракчасынан билдирди.
Анын айтымында, китепке “Топон” романы, “Күн кармаган бала”, “Кашаба” повесттери кирди.
"2023-жылы Венгрияда алгач “Жанжаза” романым чыккан. “Жанжаза” романы венгер окурмандар арасында чоң резонанс жаратты. Кыргыз жазуучулар арасынан буга чейин бу өлкөдө залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун бир нече чыгармалары жарык көргөн. Венгрия атактуу акын Шандор Петөфинин, өткөн жылы Нобель сыйлыгын алган Краснахоркаи Ласлонунун, менин эң сүйүктүү композиторум Ференц Листин мекени. Адабият менен өнөр Мекени Венгрияда чыгармамдын венгер тилинде жарык көрүшү тек гана мен үчүн эмес, кыргыз улуттук адабияты үчүн да чоң сыймык деп айтар элем", - деп билдирди Раев.
“Топон” жыйнагын көрүнүктүү венгер котормочусу Жозеф Горетитю которду. Ал 2023-жылы “Жанжаза” китебин да которгон. Китеп кечеси Венгер маданияты жана руханияты борборунда адабиятчылардын, студенттердин, адабий ышкыбоздордун катышуусунда өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:28
2026-02-09
17:04
2026-02-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















