"Хомай" ырын аткаргандар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болду (видео)
Башкортостандын "Ay Yola" чыгармачыл тобу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары социалдык тармактагы баракчасында кабарлаган.
Маалыматка ылайык, "Хомай" ыры менен таанымал болгон топ кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшкан.
"AY YOLA" тобу маданий долбоорлорго жана маалыматтык демилгелерге катышып, көчмөн маданияттын заманбап образын калыптандырып, аны музыка аркылуу эл аралык аудиторияга таанытат", - деп билдирген уюштуруучулар.
Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушул жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтөт. Негизги мелдештер жана маданий программа Ысык-Көлдүн жээгинде уюштурулат.
"Хомай" ырын аткаргандар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















