Абу-Дабиде Илхам Алиев менен Никол Пашинян жолугушту
Абу-Даби шаарында Азербайжандын лидери Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын жолугушуусу өтүп жатат. Бул тууралуу Азербайжан президентинин сайтына жарыяланды.
Маалым болгондой, сүйлөшүү кеңейтилген курамда өтүүдө.
Буга чейин Армениянын президенти Ваагн Хачатурян эки тарап "тынч жашоого макулдашканын" айтканы маалымдалган.
Эске салсак, 8-августта Азербайжан президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян АКШ президенти Дональд Трамптын ортомчулугу менен Ак үйдө биргелешкен тынчтык декларациясына кол коюшкан. Документ тараптарды аскердик аракеттерди токтотууга, соода, дипломатиялык мамилелерди жана өз ара сапарларды калыбына келтирүүгө, ошондой эле бири-биринин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн урматтоого милдеттендирет. Декларацияда Азербайжан менен Нахичеванды бөлүп турган Армениянын 32 чакырымдык тилкесинде темир жол бөлүгүн, мунай жана газ түтүктөрүн, оптикалык-була байланыш системаларын куруу каралган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















