Депутат жол тыгынын жоюу үчүн мектептердин филиалдарын ачууну сунуш кылды (видео)
Бүгүн, 4-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Кудайбердиев шаарлардын четине жакшы мектептердин филиалдарын ачууну сунуш кылды.
Эл өкүлүнүн айтымында, элдин баары шаардын ортосундагы мектептерге балдарын окуткандыктан, жол тыгындары жаралууда.
"Ош менен Бишкек шаарында мектептердин жетишсиздиги айтылууда. Учурда Ош шаарына 10 мектеп, Бишкек шаарына 20 мектеп курабыз деп жатышат, бирок муну менен көйгөйдүн чечилип кетишине күмөнүм бар. Элдин баары эле балдарын жакшы мектептерге берүүнү каалап, шаардын ортосуна алып келишет. Шаардын четинен ортосуна келишип, тыгын жаратышат.
Менин Агартуу министрлигине сунушум, жаңы курулуп жаткан мектептерди жакшы мектепдин филиалдары кылып салышсын. Элдин баары шаардын ортосуна келип тыгылбай, ошол өздөрүнүн конуштарындагы эле мектептердин филиалдарына алып бармак. Ош шаарында дагы "Олимп" деген жакшы мектеп бар. Шаардын четиндеги айылдарга аталган мектептин филиалын ачып коюшса, элдер ошол жерге эле алып барышат. Азыр элдин баары шаардын ичине тыгылып жатат", - деди депутат.
Депутат жол тыгынын жоюу үчүн мектептердин филиалын ачууну сунуш кылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















