super.kg logo
  Саясат  

Таш-Көмүрдө саркынды сууларды тазалоочу жай куруу пландалууда (видео)

 

Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарында саркынды сууларды тазалоочу жай куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытов парламенттин 4-февралдагы жыйынында айтты.

"Азыркы учурда Таш-Көмүр шаарында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен биринчи фазасы ишке ашырылууда. Натыйжада ал жакта ичүүчү таза суу маселеси чечилет. Экинчи фазасында саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушу пландаштырылган.

Ал эми Шамалды-Сай шаарында ичүүсү таза суу куруу жана саркынды сууларды тазалоо жайларын куруу тууралуу ЕРӨБна сунушталган. Бул маселе кошумча республикалык бюджетке да сунушталат", - деди Абытов.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов Таш-Көмүр шаарында саркынды суу тууралуу маселе көтөргөн болчу.






Таш-Көмүрдө саркынды сууларды тазалоочу жай куруу пландалууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: