Абанын сапатын жакшыртуу үчүн Түштүк Кореянын агенттиги Кыргызстанга 10 миллион доллар бөлөт
Абанын сапатын жакшыртуу үчүн Түштүк Корея Кыргызстанга 10 миллион долларга чейин кайтарымсыз жардам көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдирип, Түштүк Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен жолугушуу болуп өткөнүн кошумчалады.
Маалыматка ылайык, жолугушууда абанын сапатын жакшыртуу боюнча долбоор талкууланып, ал 2026–2028-жылдарда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырыла турганы маалым болду.
"Каражат абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга, абанын сапатын башкаруунун комплекстүү планын иштеп чыгууга, ошондой эле мамлекеттик билим берүү мекемелеринде экологиялык жактан таза жылытуу системаларын киргизүүгө багытталат", - деп кошумчаланды маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















