Кыргызстанда 6 жатак абакты жоюу чечими кабыл алынды
Өзүн-өзү актабаган акыркы 6 жатак абакты жоюу боюнча чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу 4-февралда Юстиция министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, демилге мамлекеттик башкаруу системасын бюрократиядан арылуунун алкагындагы реформанын бир бөлүгү. Чечимдер этап-этабы менен кабыл алынган. 2025-жылы тиешелүү кодекстерге жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилип, андан кийин колония-конуштардын биринчи тобу жабылган.
2026-жылдын 28-январында мекемелердин экинчи тобун – №26, 42, 43, 44, 45 жана 52-мекемелерди жоюу чечими кабыл алынды. Жатак абактарды Кылмыш-аткаруу кодексинен алып салуунун укуктук негизи 2025-жылдын 31-июлундагы №181 мыйзамы болду.
Реформа пробация менен функцияларды кайталабастан, мамлекеттик каражаттарды рационалдуу пайдалануу жана жоюлуп жаткан мекемелердин кызматкерлеринин укуктарын милдеттүү түрдө сактоо менен заманбап жана натыйжалуу ыкманы ишке ашырууга багытталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















