Кытайда робот чуркоодо дүйнөлүк рекорд койду
Кытайлык гуманоид робот Bolt эксперименталдык шарттарда чуркоо жолунда секундасына 10 метр ылдамдыкка жетип, дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу роботту иштеп чыгуучу Чжэцзян университетинин Ханчжоу эл аралык илим жана технология инновация борбору билдирди.
Роботко 100 метрге чуркоодо дүйнөлүк рекорд койгон ямайкалык жеңил атлетика спортчусу Усэйн Болттун ысымы ыйгарылган. Иштеп чыгуучулар тобу роботту андан ары өркүндөтүүнү, анын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү көздөп жатышат. Аны өндүрүштө гана эмес, тейлөө тармагында да колдонуу пландаштырылууда.
Кытайда робот чуркоодо дүйнөлүк рекорд койду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:25
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















