Бишкекте 3 жигит ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды
Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шек саналып 21 жаштагы 2 жана 25 жаштагы 1 жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар жабырлануучуга ар кандай телефон номурлары менен чалышып, өздөрүн УКМКнын, ИИМдин жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырышкан. Шектүүлөр жаранга анын атынан террористтик уюмдарга акча каражаттары которулгандыгын айтып, буга байланыштуу ага карата кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралышы мүмкүн экенин билдиришкен.
Анан алар кылмыш жоопкерчилигинен куткарууну убадалашып, ошону менен бирге психологиялык басым көрсөтүп, каржылык операцияларды жүргүзүү боюнча көрсөтмөлөрдү беришкен. Натыйжада жаран өзүнө таандык батирин сатып, алдамчылардын көрсөтмөсү боюнча банктык реквизиттерге жалпы суммасы 10 миллион 600 миң сомун которууга мажбур болгон.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда окуянын башка жагдайларын аныктоо, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды табуу боюнча тиешелүү иштер жүрүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















