super.kg logo

Бишкектен уурдалган унаа Ысык-Көлдөн табылды... 18 жаштагы улан шектүү катары кармалды

 
Бишкекте унаа уурдоого шектелип 18 жаштагы улан кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр декабрь айында милицияга кайрылган жаран базарлардын биринин жанында токтоп турган Toyota Camry 35 үлгүсүндөгү унаасы уурдалганын айткан. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү аныкталып кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Текшерүүдө уурдалган унаа Ысык-Көл облусунун аймагында экени аныкталган. Шектүү мамлекеттик каттоо номурларын алмаштырып, унааны башка жаранга сатып жиберген.
Милиция транспорт каражаты алынганын, учурда тергөө иштери улантылып жатканын кошумчалады.





Бишкекте унаа уурдоого шектелген жаран кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: