super.kg logo
  Саясат  

"Мүмкүнчүлүк берели". Депутат айдоочулукка окутуудагы реформаны колдоого алыш керек дейт

 

Бүгүн, 4-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Узакбаев айдоочулукка окутууда жүргүзүлүп жаткан реформа керек экенин айтып чыкты.

Ал жол кырсыктарынын санынын өсүшү, Орусияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүнүн сатылышы реформага муктаждыкты талап кылып жатат деп эсептейт. Эл өкүлү андыктан кесиптештерин бул боюнча талкууларды токтотуп бийликке реформа жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.

"Айдоочулук күбөлүктөрдү мамлекет өзү чыгара баштады. Көгөй системдүү түрдө чечилип келе жатат. Ар бир реформа оңой болбойт. Мамлекет 30-августка чейин сыноо иретинде эле киргизилип жатат деген маалымат берип, шонун жыйынтыгы менен бир чечим чыгарабыз деп жатышат. Мүмкүнчүлүк берели", - деди эл өкүлү.

Мунун алдын отурумда депутат Кундузбек Сулайманов айдоочулукка окутуудагы реформага эл нааразы болуп жатканын айткан.







Депутат айдоочулукка окутуудагы реформаны колдоого алыш керек дейт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: