Бишкекте АКШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ишкерлери катышкан В5+1 бизнес форуму өтүүдө
Бүгүн, 4-февралда Бишкекте АКШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ишкерлери катышкан В5+1 бизнес форуму башталды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирип, ага министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышкандыгы маалымдалды.
Амангелдиев В5+1 форматы 2025-жылдагы Борбор Азия жана АКШ лидерлеринин саммитинде жетишилген макулдашууларды конкреттүү долбоорлор жана өнөктөштүк аркылуу ишке ашыруу үчүн практикалык аянтча болуп саналарын белгилеп өттү. Ошондой эле 80 миллиондон ашуун керектөөчү рыногу, жаш демографиялык профили жана стратегиялык географиялык жайгашуусу менен Борбор Азия дүйнөлүк соода жана логистикалык каттамдардын маанилүү борборуна айланып бара жатканын кошумчалады. Белгиленген келечектүү багыттарга IT, креативдүү экономика, логистика, төлөм инфраструктурасы жана өнөр жай долбоорлору кирет.
Сөзүнүн жыйынтыгында Борбор Азия туруктуу жана динамикалуу өнүгүп жаткан, инвестиция жана технологиялар үчүн ачык аймакка айланып баратканы, ал эми Кыргызстан эл аралык бизнес менен түз жана мазмундуу кызматташууга даяр экени белгиленди.
Айта кетсек, Эл аралык жеке ишкердик борбору Кыргызстандын Министрлер кабинети менен биргеликте "Бизнес (B)5+1" экинчи жылдык форумун өткөрүүдө. Жыйын 2 күн уланат. Иш-чарага АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча атайын өкүлү, элчи Серджио Гор катышууда. Форум АКШ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бизнес лидерлери менен мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү ортосунда экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган жогорку деңгээлдеги диалогдук платформа болуп саналат.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















