super.kg logo

Таиланд, Вьетнам, океандын жээги... Кыштын суук күндөрүндө жылуу жактарда эс алган белгилүүлөр (сүрөт)

 

Кышкы эс алууда жүргөн белгилүүлөрдү эки багыттан тең көрүүгө мүмкүн. Айрымдары жылуу өлкөлөрдү тандаса, кээ бирлери тоо койнунда, таза абадагы тоо-лыжа курортторун тандашат. Ал эми кыштын суук күндөрүндө жайдын жылуу илебине барууну каалаган жылдыздардын көпчүлүгү Мальдив аралдарын, Таиланд, Бали сыяктуу жерлерди тандашат.

Бул жолу SUPER.KG порталы азыркы учурда ысык өлкөлөрдө эс алып жүргөн белгилүүлөргө назар салды.

Кышкы эс алууну тропикалык жээктерде өткөрүүнү каалгандардын арасында кош жылдыздар ырчы Аваз Акимов менен Айдан Дека бар. Алар учурда Таиланд өлкөсүндө, деңиз жээгинде эс алып жатышат. Жылдыздар кышкы эс алууну жыл жаңырганда эле баштап, буга чейин Абу-Даби шаарында кыздары менен эс алуу өткөрүшкөн.

Кыш мезгилинде жылуу жакта үй-бүлөлүк эс алууда жүргөн актёр, режиссёр Эрмек Таалайбеков менен блогер Бекзада Жолбор эс алуудагы көз ирмемдери менен байма-бай бөлүшүп жатышат. Жылдыздуу түгөйлөр учурда кызы Каныкей менен Вьетнам өлкөсүндө.

Жубайлар кышында деңиз жээгинде эс алууну тандагандардын арасына кирет десек жаңылышпайбыз. Алар буга чейин дагы жылуу өлкөлөрдөгү эс алууларын бөлүшүп келишкен.

Дагы бир белгилүү түгөйлөр актёр, сценарист Бектур Усенов менен жубайы Айзат Аскарбекова учурда кызы Айлун менен Вьетнам өлкөсүндө эс алып жүрүшөт. Алар дагы кыштын суук күндөрүндө ысык өлкөлөрдө эс алууну тандаган жылдыздардын катарында.

Белгилүү актёр, режиссёр Бакыт Осмонканов дагы учурда үй-бүлөсү менен Чыгыш Африка өлкөлөрүнүн бириндеги аралда эс алууда. Эс алуу учурундагы жагымдуу мүнөттөрдү жубайы Жылдыз айым социалдык тармактагы баракчасында бөлүшкөн.

Быйылкы кышкы эс алуусун жылуу тропикалык өлкөлөрдө өткөргөндөрдүн катарын белгилүү тамада, ырчы Кубанычбек Баркалбасов дагы толуктады. Ал акыркы 2-3 жуманы үй-бүлөсү менен Таиланд, Египет, Вьетнам өлкөлөрүндө эс алуу менен өткөргөн.

Ырчы Анжеликанын кызы Айыма да учурда Вьетнамдын Нячанг шаарыда эс алууда жүрөт. Ал да өзүнүн жылуу көз ирмемдери менен социалдык баракчасынан бөлүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: