super.kg logo
  Саясат  

Марлен Маматалиев: "Жапаров менен Ташиев жасап жаткан иштерди жаман деп айта алабызбы?"

 

Бүгүн, 4-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев кесиптештерин жана коомчулукту айдоочулукка окутууда жүргүзүлүп жаткан реформаны саясатташтырбоого чакырды.

Ал айдоочулук күбөлүктү берүүдө, окутууда көйгөйлөр болуп келгенин белгилеп, азыркы жасалып жаткан реформаны колдой турганын билдирди.

"Анан аткаруу бийлигинин башында Конституция боюнча президент турат. Аткаруу бийлиги дегенде Баш мыйзам боюнча ал жерде Камчыбек Кыдыршаевич (ред.: УКМКнын төрагасы) турат. Анан эмне экөө жасап жаткан иштерди жаман деп айта алабызбы?

Же алар кылып жаткан нерселер кээде башкача көрүнгөнү менен, аягы жаман бүтүп жатабы? Келиңиздер, ишенели, аягына чейин чыдайлы, көрөлү. Эми мөөнөтү боюнча маселе чечиле турган нерсе", - деди эл өкүлү.

Мунун алдын отурумда депутат Кундузбек Сулайманов айдоочулукка окутуудагы реформага эл нааразы болуп жатканын айткан. Буга чейинки парламент отурумдарында да бир катар депутаттар айдоочулукка окутуунун мөөнөтүнө каршылыгын билдиришкен.






Марлен Маматалиев: "Жапаров менен Ташиев жасап жаткан иштерди жаман деп айта алабызбы?"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: