super.kg logo

Окуучуларды ЖРТга даярдоо боюнча тиркеме иштелип чыгууда

 
Бүгүн, 4-февралда Агартуу министрлигинде мектеп окуучуларын жалпы республикалык тестке даярдоо үчүн иштелип жаткан мобилдик тиркеме талкууланды.
Долбоор тесттик материалдарына бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жана өлкөнүн бардык абитуриенттери үчүн тең даярдык мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө багытталган.
Министрлик тиркемеге ЖРТга кирген бардык предметтер боюнча суроолорду жайгаштыруу пландаштырылып жатканын билдирди.
Тапшырмалар мурунку жылдарда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлгөн тесттердин негизинде иштелип чыгууда. Учурда долбоор текшерүү баскычында турат. Тиркеме тиешелүү адистер тарабынан мазмуну текшерилгенден кийин ишке киргизилет жана акысыз жеткиликтүү болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: