Lalafo аркылуу алдамчылык кылууга шектелген жаран кармалды
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Lalafo интернет-тиркемеси аркылуу алдамчылык кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 4-февралда Чүй милициясынан билдиришти.Берилген маалыматка ылайык, 19-январда белгисиз жаран Lalafo интернет-тиркемеси аркылуу өзүн сатып алуучу катары тааныштырып, 1994-жылы туулган Д.Т. аттуу жаранга таандык болгон 15 баш койду эч кандай төлөмсүз алып кеткен.
Келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы 435 миң сомду түзгөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1995-жылы туулган Ш.Ш. аттуу жаран аныкталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган мал шектүү тарабынан кайра сатылганы белгилүү болгон. Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















